“КЫЗ КУРАН” КУРСУ
“КЫЗ КУРАН” КУРСУ
“КЫЗ КУРАН” КУРСУ
Previous
Next

Ислам университетинин алдында ачылган кыз куран курсу

Илим жана адеп адамзаттын эң чоң байлыгы, ал эч качан түгөнбөйт, кенч сыяктуу. Инсандын бактылуу жашоосуна өбөлгө түзүп руханий азык берип жаткан куран курсу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: Баардык нерсенин жолу бар, ал эми бейиштин жолу - "Илим" деп айткан.

17
жылдан бери иштейбиз
400
окуучу азыркы учурда окуп жатат
12
миңден ашуун бүтүрүүчүбүз бар
22
мугалим иштейт

“Илим алуу заман талабы”

Биз эмне менен алектенебиз?

Ислам негиздерин үйрөтүп, келечектеги соолиха энелерди тарбиялап жаткан кыз куран курсу 2004-жылы Ислам университетинин алдында ачылып ушул күнгө чейин калкыбызга кызмат кылып келет. 2004-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан Ислам университетинин артында жайгашкан эки кабаттуу имаратта кызмат кылды. 2016-жылдын сентябрь айынан баштап Тунгуч кичи районунда жайгашкан Ихлас курулуш компаниясынын 1-кабатынан мекеме берилип, кызматын улантууда. Кыз Куран курсунда 16-жаштан 60 жашка чейинки кыз-келиндер жана апалар окуп келүүдө. Курс: 1 жылдык, 4 айлык жана 2 айлык мөөнөттө окутулат. Жыл сайын жалпысынан 500 окуучу аяктайт. 2004-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдүн саны оң миңге жетти. Андан сырткары “Мен диинимди эң сонун үйрөнөм” аттуу темада 7 жаштан 15 жашка чейинки кыздарга жайкы курстар уюштурулду. «Илим алуунун пазилети, балага туура тарбия берүүнун жолдору, исламда аялзатынын орду, жоолуктун пайдалары, динибизде майрам, адал тамак, Курандын пазилети» ж.б ушул сыяктуу семинарлар өтүлөт. 2011-жылдан тарта мавлюд кечелери Бишкек шаарында кичи мекемелерде өткөрүлүп келсе, 2017-жылдан тарта чоң масштабда К.Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлүп келүүдө. Кайрымдуулук акциялар: «Жетимдер үшүбөсүн» долбоорунун алкагында жарманкелер уюштурулуп, түшкөн каражатка муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кечелей жардам көрсөтүлүүдө.

Кыз Куран курсунун жетишкендиктери:

МУГАЛИМДЕР ЖААМАТЫ